Өлкөдө трансформацияланган жерлер санариптик каттоого алынат

Коом 7 октябрь 2026 12:30
Өлкөдө трансформацияланган жерлер санариптик каттоого алынат

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйында минкаб башчысы жерлерди трансформациялоо процессине мамлекеттик көзөмөл маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, республиканын райондорунда 67 миң гектардан ашык жер трансформацияланган, анын 24 миң гектары толук көлөмдө пайдаланылбай жатат.

Жыйынтыгында ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир трансформацияланган жер участогун санариптик каттоого алууну, жер саясатын катуу көзөмөлгө алууну жана трансформацияланган жерлерге толук инвентаризация жүргүзүүнү тапшырды.