Өлкөдө мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды

Коом
480240362_122156866388341273_4487654596091561120_n.jpg
475517818_122156866382341273_7145101638568224542_n.jpg
480203624_122156866244341273_6054723769766191027_n.jpg
480250872_122156866250341273_2538653066790045426_n.jpg
480309950_122156866526341273_4140915088714846169_n.jpg
480492980_122156866520341273_6004143357197771796_n.jpg
480655739_122156866238341273_6493633725939731390_n.jpg
480704190_122156866532341273_3703536974585644781_n.jpg
480798537_122156866376341273_26757322598681167_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында, республиканын бардык аймагында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат.

Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Себеби бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү.

Эскерте кетсек, мал-жандыкты эмдөө жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы сатылып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибир жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).

Белгилей кетсек, мына ушул зооноздук ооруларда алдын алуу максатында, Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктары тарабынан мектеп окуучуларына атайын ачык сабактар уюштурулуп, эл арасында окутуу, түшүндүрүү
иштери жүргүзүлүп жатат.