Өлкөдө лицензиясы жок иштеген 263 жеке клиника жабылды

Коом Загрузка... 04 Март 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик дарылоочулардын кабинеттери жана медицинага тиешеси бар башка объектилер текшерилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында 263 объект жабылган. Аталган клиникалардын биринде да медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия болбогону аныкталган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын жарымынан көбү ишмердүүлүгүн токтотту, ал эми бюджетке 21 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлдү», - деди Аман Осмонов.