Өлкөдө китепканаларды санариптештирүү иштери жигердүү жүрүүдө

27 февраль 2025 17:17
481053728_940760681549022_7151466453716493325_n.jpg
476646721_940756168216140_2700327234099717581_n.jpg
480462152_940756081549482_4885673336911859916_n.jpg
480770525_940756354882788_6896379308855483656_n.jpg
480776274_940756454882778_4091251884084054216_n.jpg
480869983_940757354882688_2109680428936358816_n.jpg
480941452_940756254882798_7391048983307646387_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Өлкөдө китепканаларды санариптештирүү иштери жигердүү жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага алынган заманбап сканерлер менен таанышуу болду.

Маданият министринин орун басары Гулбара Абдыкадырова бул иш-чарага катышып, бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнө жүзүндө бардык тармактарда кеңири кулач жайып, заманбап технологиялар аркылуу маалыматты сактоо жана жеткирүү иштери жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын республикалык жана облустук китепканаларында санариптик технологияларды ишке киргизүү иштери активдүү жүрүп жатканына токтолду.

Атайын китепканалар үчүн алынган Optima A1 ScanLab жана ScanLab сканерлери китептерди, архивдик материалдарды жана башка басылмаларды санариптештирүү иштеринде маанилүү роль ойнойт. Бул техника менен сканерлерлөөдөн тышкары, санарип фотокамералардан же сканерлерден алынган сүрөттөрдү кайрадан иштеп чыкса да болот.

Санариптештирүү окурмандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана заманбап маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталат.

Жаңы технологияларды колдонуу менен китептерди жана башка материалдарды онлайн жеткиликтүү кылуу Министрликтин приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат.