Өлкөдө 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын арасында кызамык күч алууда - эпидемиолог

Ден соолук Загрузка... 18 Февраль 2025 18:16
WhatsApp Image 2025-02-18 at 14.00.07.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Өлкөдө 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын арасында кызамык күч алууда. Бул тууралуу эпидемиолог Айчүрөк Макилова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Соңку эки жылда кызамык оорусу кайрадан күч алды. Негизинен кызылча, суу чечек жана кызамык ооруларынын белгилери окшош болгондуктан айрым ата-энелер айырмалай албай да калышы мүмкүн.

“Суу чечекте денеге чыккан бүртүкчөлөр сууланып турса, кызамык оорусунда кургак кызыл чекиттер моюндан, кулактан башталып ылдый денеге жайылат. Кызамык оорусу алгач дене табын көтөрүп башталгандыктан башында үйдө сасык тумоо катары дарылай беришет”, - деди дарыгер.

Дарыгер белгилегендей, 2023-2024-жылы өлкөдө кызамык оорусуна каршы 1-2-этаптагы эмдөө жүргүзүүнүн көрсөткүчү боюнча Чүй, Ош жана Талас облустарында 92, 91 пайыз менен алдыңкы орундарда турат.

“Кийинки орундарда Жалал-Абад (85%), Ысык-Көл облустары (84%), Ош шаары (79%), Нарын (76%) жана Баткен (72%) облустары турат. Ал эми Бишкек шаарынын кызамык оорусуна каршы эмдөөгө катышуусу 69 пайызды түзүп, эң төмөнкү көрсөткүчтө турат”,-деп белгиледи ал.