Лейлек районунда 18 миң гектар кайрак жерге суу чыгарылат

Аймак 12 октябрь 2026 10:55
Лейлек районунда 18 миң гектар кайрак жерге суу чыгарылат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Лейлек районунда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында 18 миң гектар кайрак жер сугат суусу менен камсыздалат. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу президент Садыр Жапаровдун Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, учурда райондо 9 миң гектар сугат жери бар. Долбоорлор толук ишке ашса, сугат жерлеринин аянты дагы 18 миң гектарга көбөйөт.

“Бул иштер 2030-жылга чейин бүткөрүлөт”, — деди ал.

Президент аталган долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.