Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Legend суусу жана Яндекс Плюс өлкө тургундары үчүн ири биргелешкен акциянын башталганын жарыялайт.
Эми суу сатып алуу санариптик сервистерге гана эмес, баалуу белектерди жана саякатка жолдомо утуп алууга да мүмкүнчүлүк берет.
15-июндан 15-сентябрга чейин акциялык Legend суусунун капкактарынын алдына уникалдуу промокоддор жайгаштырылат. Ар бир катышуучу Яндекс Плюстун кызматтарын 30 күн бою пайдалана алат. Алардын катарына Кинопоиск аркылуу тасмалар менен сериалдар, музыка, китептер жана Яндекс сервистеринде балл түрүндөгү кэшбэк кирет.
Мындан тышкары, ай сайын iPhone 17 Pro Max, AirPods Max, Apple Watch SE жана башка гаджеттер ойнотулат. Ал эми башкы байге —Вьетнамга эки кишилик жолдомо. Акциянын жыйынтыгы 26-сентябрга чейин чыгарылат.
Катышуу үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу керек:
лимон, жалбыз, кулпунай, шабдалы же манго-маракуйя даамындагы, көлөмү 0,5 л же 1 л болгон (кара капкактуу) акциялык Legend суусун сатып алыңыз;
этикеткадагы QR-кодду сканерлеңиз;
капкактын алдындагы промокодду каттаңыз.
Яндекс Плюстун 30 күндүк кызматтарын пайдаланып, байгелерди ойнотууга катышыңыз.
Промокоддорду каттоо 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Башкы байгенин жеңүүчүсү 26-сентябрга чейин жарыяланат.
Акция 15-июндан 26-сентябрга чейин өткөрүлөт. Ага катышуунун айрым шарттары жана чектөөлөрү бар. Толук маалыматты ya.cc/shoro26 сайтынан алууга болот.
Яндекс Плюска жаңы кошулган колдонуучуларга 30 күндүк жазылуу акысыз берилет. Ал эми учурда активдүү жазылуусу жок колдонуучулар үчүн алгачкы 30 күндүн баасы 19 сомду түзөт. Андан кийин кызмат үчүн 30 күнсайын 199 сомдон алынып турат.
Байгелердин саны чектелүү. Акцияга катышуунун жана промокоддорду пайдалануунун толук шарттары акциянын расмий сайтында жарыяланган.