Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.
Анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эки ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жаткандыгы айтылды.
Биринчи долбоор — транспорттук-логистикалык комплекс куруу. Анда 13 гектар жер тилкесинде транспорттук-логистикалык комплексти курууну каралган. Долбоордун жалпы наркы 3 млрд сомду түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 5 000 жумуш ордун түзүү пландалууда.
Экинчи долбоор — Кызыл-Кыя шаарында жаңы кичи район куруу. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 71 гектар аянтта жаңы кичи район куруу мерчемделүүдө. Долбоордун алдын ала эсептелген наркы 30 млрд сомду түзөт.