Кытайда жер астына өтмөк куруу учурунда беш адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-12-08 at 06.24.04.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Кытайдын Хэнань провинциясынын Саньменься шаарындагы курулуш аянтында кырсык болуп, беш адам каза тапты. Бул тууралуу Известия Кытайдын Борбордук телеканалына (CCTV) шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда Саньменься-Сяохань көчөсүндөгү жер астындагы өтмөктү куруу долбоорун ишке ашыруу маалында болгон. Курулуш учурунда жер көчкү жүрүп, беш жумушчу көз жумган.

Курулуш компаниясы буга чейин шашылыш чаралардын планын кабыл алып, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иштеп жатат. Кырсыктын себеби иликтенүүдө.