Кытайда "Ноул" тайфунунан улам бороон-чапкын тууралуу эскертүү берилди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 18:20
7.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Кытайда "Ноул" тайфунунун жакындашына байланыштуу кооптуулуктун кызгылт сары деңгээли жарыяланды.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, тайфун өлкөнүн түштүк-чыгыш жээгине 25-26-июлда жетиши мүмкүн.

Кытайдын Улуттук метеорологиялык борбору төрт баскычтуу эскертүү системасында экинчи орундагы кызгылт сары деңгээлди жарыялады.

"Ноул" быйылкы жылдагы 12-тайфун болуп саналат. Ал Филиппиндин Манила шаарынан түндүк-чыгыш тарапта болжол менен 560 чакырым алыстыкта жайгашып, саатына 25-30 чакырым ылдамдыкта түндүк-батыш багытында жылууда.

Божомолдор боюнча, тайфун 25-июлдун кечинен 26-июлдун таңына чейин Гуандун провинциясындагы Чжухай шаары менен Фуцзянь провинциясындагы Чжанпу аймагынын ортосундагы жээкке жетет. Жерге чыккандан кийин акырындап күчүн жоготот.

Айрым аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Гуандун жана Фуцзянь провинцияларында сел жана тайфун коркунучуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдык күчөтүлдү.

Гуандун провинциясында коопсуздук чаралары көрүлүп, айрым деңиз каттамдары убактылуу токтотулду. Ошондой эле деңиздеги объектилердин кызматкерлерин эвакуациялоо жана куткаруу иштерине даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.