Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. 19-февралда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов темир жолдорду куруу үчүн жабдууларды чыгарууга адистешкен «Schwihag AG» компаниясына барды.
Элчиликтен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө швейцариялык компания өзүнүн серпилгич рельс бекитүү системаларын жана темир-бетон шпалдарга төшөлгөн атайын элементтеринин эң жаңы технологияларын көрсөттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын темир жолдорун куруу жана оңдоо үчүн «Schwihag AG» компаниясынан технологияларды тартуунун перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна аталган компанияны тартуу тууралуу сүйлөшүштү.
Маалымат үчүн: Швейцариялык «Schwihag AG» компаниясы 50 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк темир жол тармагынын жабдыктарын иштеп чыгуу, өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишенимдүү өнөктөш болуп келет.
«Schwihag AG» компаниясынын бурмалоочу компоненттери жана темир жол бекитүү системалары жогорку суроо-талапка ээ. Анын ичинде, Европа Биримдигинин, Улуу Британиянын жана Швейцариянын темир жолдору.