Бишкек, 23.11.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кыш мезгилинде өлкөнүн негизги автожолдорунда үзгүлтүксүз каттамды камсыздоо үчүн жол тейлөө мекемелерине тапшырмаларды берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, жумушчу жыйында Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Куакы, Долон, Кызыл-Бел жана Торугарт, ошондой эле Ош – Бишкек багытындагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын кышкы тейлөөсү талкууланды.
Жол кызматтарына инерттик материалдардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын запасын түзүү, атайын техникаларды даярдоо тапшырылды. Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун абалын жакшыртуу, оор жүк ташуучу унаалардын тыгындарын азайтуу жана алар үчүн атайын токтотуучу жайларды уюштуруу маселелери каралды.
Мындан тышкары, "Ала-Тоо Резорт" туристтик аймагына баруучу жолду талаптагыдай тейлөө жана Ош – Манас унаа жолундагы тыгындарды жоюу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.
Жыйындын соңунда жооптуу жетекчилерге жолдордун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана берилген тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды.