Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Сербиянын Крагуевац шаарындагы техникалык колледжде болгон атышуудан эки адам жаракат алды, деп билдирди Anadolu агенттиги.
Полициянын маалыматы боюнча, окуяга байланыштуу 17 жаштагы студент кармалды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, шектүү мектептин ичинде кичи калибрлүү мылтыктан ок чыгарган.
Атышуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00 чамасында Белграддан болжол менен 140 чакырым түштүктө жайгашкан Крагуевац шаарындагы техникалык колледжде болгон. Сербиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өспүрүм мектептин фойесинде мылтыктан ок чыгарган. Бир адамга ок тийип, экинчиси айнек сыныктарынан жаракат алган. Бактыга жараша экөө тең тирүү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жаракат алгандар окуу жайдын кызматкерлери болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, ок атылгандан кийин мылтык иштебей калган. Бул атып жаткан студентти токтотууга мүмкүндүк берген. Анын ниети азырынча белгисиз. Полиция окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатканын билдирди.