Данияда мектеп окуучуларына телефон колдонууга тыюу салынат

Дүйнө
Данияда мектеп окуучуларына телефон колдонууга тыюу салынат

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Дания өкмөтү мектептерде жана мектептен тышкаркы мекемелерде уюлдук телефондор баштаган жеке интернет гаджеттерин колдонууга өлкө боюнча тыюу салуу боюнча парламенттик партиялар менен макулдашууга жетишти.

Kazinform билдиргендей, келишимге ылайык чектөөлөр 2027-2028-окуу жылында күчүнө кирет. Тыюу салуу башталгыч мектептердин, жогорку класстардын жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин окуучуларына тиешелүү болот. Уюлдук телефонду сабак учурунда гана эмес, тыныгуу учурунда да колдонууга болбойт.

Ошол эле учурда, Даниянын мектептери өз тармактарында контентти чыпкалоону, билим берүүчү же педагогикалык мааниси жок социалдык медиа, оюндар, онлайн дүкөндөр сымал веб-сайттарды бөгөттөөнү ишке ашырууга милдеттүү. Жаңы эрежени ишке ашыруунун конкреттүү жол-жоболору, башкача айтканда, эртең менен гаджеттерди чогултуу же аларды өчүрүп сактоо иштери ар бир мектептин жетекчиси тарабынан аныкталат.

Дания балдардын телефон колдонуусуна буга чейин да тыюу салган. 2025-жылдагы партиялык келишимде башталгыч класстарда уюлдук байланыш каражаттарына чектөөлөр киргизилген.

Даниянын билим берүү министри Магнус Хойникенин пикиринде балдар социалдык медиага, онлайн соодага жана оюндарга тынымсыз алаксыбай окуусу керек. Ал эми Дания парламентинин мүчөлөрүнүн айтымында, жаңы мыйзамдын максаты - мектеп чөйрөсүндө көбүрөөк тынчтыкты, көңүл топтоону жана жандуу баарлашууну камсыз кылуу.

Бул чечим эл аралык PISA изилдөөсүнүн акыркы жыйынтыктарын эске алуу менен кабыл алынды. Анда Даниянын мектеп окуучуларынын билим алуу жетишкендиктери төмөндөгөнү көрсөтүлгөн.