Кырсык жана кылмыштуулук: Алкоголду сатууну түнкү чектөөлөр статистиканы жакшыртабы?

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Өлкөдө алкоголдук ичимдиктердин түнкүсүн сатылбаганы көп терс көрүнүштөрдүн алдын алат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, алкоголдук продукцияга байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эң биринчи эл аралык практика, башка мамлекеттерде бул багытта аткарылган иштер иликтенип андан соң иш жасалган.

“Мисалы, Россияда коомдук жайларда, дүкөндөрдө спирт ичимдиктери түнкүсүн сатылбайт. Албетте, мында кенен-кесир дүкөндөргө кирип, түнү менен алып ичип жүргөндөрдүн кандайдыр бир статистикасы азайды деп айтылууда. Билесиздер мисалы, тамекини ачык-айкын жарнамалап сатуудан тосуп коюу кичине болсо да жыйынтык болуп, жаш балдар, өспүрүмдөр үчүн аз да болсо жарнама жабылып калды деп эсептейбиз. Ошол сыяктуу эле алкоголдук ичимдиктердин түнкүсүн сатылбаганы көп терс көрүнүштөрдүн алдын алмакчы. Күндүз го мейли, ичем дегендер өздөрүнө алдын ала алып алышат. Бирок, каалаган убакта барып ичип чыга калалы деген токтосо бул да жакшы нерсе. Мындан жаман нерсе болбойт, бул жакшы кадамдардын бири деп эсептейм. Кийин статистикада сөзсүз түрдө оң жыйынтык болот деп ойлойм. Түнү спирт ичимдик сатылбагандын натыйжасы болот деп эсептейм”,- деди Маматалиев.

Ал ошондой эле өз сөзүндө кийим-кечек сатып күндүз иштеген соода борборлорунун иши токтоп калбай, иштеп жатканын мисал катары белгиледи.

“Кийим-кечек саткан соода борборлорунун баары эле күндүз иштеп кечки саат 10:00дө жабылат. Жабылганда алардын ишкердиги токтоп, кийимдер сатылбай калган жок. Жакшынакай эле иштеп, соодалары болуп жатат. Ошол сыяктуу эле дүкөндөр да өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзө беришет. Болгону түнкүсүн сатууга тыюу салынып, аз да болсо биздин жаштарыбыз ичимдиктен алысыраак болот деген үмүттөбүз”, - деди эл өкүлү.

Демилгечинин пикиринде мыйзам долбоорунда каралган чаралар мас абалында жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк жана көчөдөгү зордук-зомбулуктардын, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Келтирилген расмий маалыматтарга токтолсок:

  • Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болжол менен 75 пайызы мас абалында жасалат;
  • 2019-жылы ИИМ үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 миң 159 арыз каттаса, анын 70 пайызы ичкиликке берилген үй-бүлөлөрдө болгон;

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери мас абалында унаа башкарган 16 миң 857 айдоочу аныкталган. Анын ичинен 395и жол кырсыгына себепкер болуп, натыйжада 641 адам жаракат алып, 83 адам каза болгон.

Белгилей кетсек, күн мурун Жогорку Кеңеште өлкөдө спирт ичимдиктерин сатуу эрежелерине чектөөлөрдү койгон мыйзам долбоору демилгеленди. Депутат Марлен Маматалиев иштеп чыккан бул документ коомдук талкууга коюлуп, өзгөчө социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди жаратууда.

Мыйзам долбоорунда 23:00дөн таңкы 8:00гө чейин алкоголдук ичимдиктерди чекене сатууга тыюу салуу сунушталган. Ага ылайык, калктуу конуштардын борбордук аянттарында, парктарда, бакчаларда, скверлерде, эс алуу жана көңүл ачуучу комплекстерден 100 метр радиуста алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынат.
Негиздемеде көрсөтүлгөндөй, ичимдикти түнкүсүн кафе, ресторан, барларда жана атайын лицензиясы бар соода түйүндөрдө гана сатууга жол берилет.

Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун максаты – алкоголду керектөөнү азайтуу, калктын ден соолугун коргоо жана статистика боюнча көбүнчө мастык абалда жасалган кылмыштуулук менен күрөшүү болуп саналат.