Кыргызстанга жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 2,5 млрд $ түздү

Экономика 4 март 2025 11:30
WMNOdZ2DUlNfm5AS4sIQHqcbOrgSJ.max-1920x1080.format-webp.webp
481271129_1107004424804840_811227488043967968_n.jpg
Алдыга
Артка
WMNOdZ2DUlNfm5AS4sIQHqcbOrgSJ.max-1920x1080.format-webp.webp
481271129_1107004424804840_811227488043967968_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстанда жеке адамдар тарабынан акча которуулардын таза агымы 2,5 млрд АКШ долларын түзүп.

Улуттук банктан билдиришкендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 18,6%га өскөнүн билдирет.

Акча которуулардын дүң агымы 10,5%га өсүп, 3 млрд АКШ долларын түзгөн. Акча которуулардын негизги бөлүгү [93%] Россиядан келип түшкөн.

Көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстандан акча которуулардын дүң агылып чыгуусу 2023-жылга салыштырмалуу 20,6%га кыскарып, 0,4 млрд АКШ долларын түздү. Акча которуулар негизинен Россияга (дүң агылып чыгуулардын 83%ы) жөнөтүлгөн.