Кыргызстанга Пакистандын премьер-министри келди — Кабар

Кыргызстанга Пакистандын премьер-министри келди

Саясат 31 август 2026 15:40
6a954903b95b4.jpeg
6a9549661b84c.jpeg
6a954949ad687.jpeg
6a95493ee0a74.jpeg
6a95493e482d9.jpeg
6a95493e44f14.jpeg
6a95492f33e85.jpeg
6a95492f10ae0.jpeg
6a95492f107cf.jpeg
6a95490de3798.jpeg
6a954909a3ca5.jpeg
Алдыга
Артка
6a954903b95b4.jpeg
6a9549661b84c.jpeg
6a954949ad687.jpeg
6a95493ee0a74.jpeg
6a95493e482d9.jpeg
6a95493e44f14.jpeg
6a95492f33e85.jpeg
6a95492f10ae0.jpeg
6a95492f107cf.jpeg
6a95490de3798.jpeg
6a954909a3ca5.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар болуп, документтерге кол коюлат. 

Пакистандын премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.