Кыргызстанга Кытайдан электр импорттоо: долбоор 2027-жылы ишке кирет

Коом

Алдыга
Артка

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. 26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында электр энергетикасы боюнча кыргыз-кытай жумушчу тобунун "өкмөт — ишканалар" форматындагы биринчи жыйыны өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ага министр Алтынбек Рысбеков жана Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи тең төрагалык кылышты.

Жыйында 23-сентябрда кол коюлган электр энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуунун нускаларын алмашуу аземи өттү.

"Тараптар энергетикалык системаларды бириктирүү, Кытайдан электр энергиясын импорттоо үчүн трансчек аралык электр берүү линиясын куруу жана чек арадагы индустриалдык парктагы электр камсыздоону талкуулашты. Энергетика министрлиги инфраструктураны курууну каржылоо маселесин иштеп чыгуу дээрлик аяктаганын билдирип, объектти 2027-жылдын декабрында өнөр жайлык пайдаланууга берүү графигин сунуштады",-деп айтылат маалыматта.