Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн туристтер көп келүүдө?

Туризм Загрузка... 16 Июль 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Кыргызстан быйыл да туристтерди активдүү тосуп алууда. Бул жылы 10 миллионго чейин туристтин келиши пландалган. Өлкөнүн кооз жаратылышы, бийик тоолору, тунук көлдөрү жана таза абасы туристтердин өзгөчө көңүлүн буруп жатат. Айрыкча чет өлкөлөрдөн келгендер кыргыз элинин меймандостугуна, улуттук тамак-ашына жана жаратылышына өзгөчө кызыгышат.

Туристтер көбүнчө ат минип саякаттоо, эс алуу жана табияттан ырахат алуу үчүн келишет. Мындан тышкары, ар түрдүү маданий иш-чаралар, улуттук фестивалдар жана көчмөн турмушту таанып-билүү да алардын кызыгуусун жаратууда.

Мамлекет жана жеке ишкерлер туризмди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатышат. Жолдор оңдолуп, жаңы мейманканалар салынып, туристтик гиддер даярдалып жатат. Кыргызстан жаратылышты сактап, ошол эле учурда туристтерди тартууну көздөөдө. Жайкы сезон ортолоп, өлкөгө келген туристтердин саны күн сайын өсүүдө. Кайсы мамлекеттерден келгендердин саны басымдуу? Туристтерди Кыргызстанда эмнелер өзгөчө кызыктырат?

“Кабар” маалымат агенттигинин ушул жана башка суроолоруна Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Малика Молтоева жооп берди.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.50 (1).jpeg

Жайкы туристтик сезон кызуу жүрүп жатат. Кайсы мамлекеттерден келген туристтердин саны басымдуу?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга негизги туристтик агым Казакстан, Өзбекстан, Россия, Европа өлкөлөрү жана Араб мамлекеттеринен келип жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен келген туристтердин саны өзгөчө өсүүдө. Бул визасыз режим жана транспорттук жеткиликтүүлүк менен байланыштуу.

Кыргызстанга келген туристтердин негизги бөлүгүн Өзбекстандын (61,7 %) жана Казакстандын (28,3 %) жарандары түзөт. Бул көрүнүш географиялык жакындык, маданий окшоштуктар, визасыз режим жана ыңгайлуу транспорт жеткиликтүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле Россиянын жарандары (5,6 %), Европанын, Түштүк Кореянын, Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүнөн келген туристтердин кызыгуусу да байкалууда. Бул Кыргызстанда экологиялык, активдүү жана үй-бүлөлүк туризм багыттарынын барган сайын популярдуулукка ээ болуп жатканынан кабар берет.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.50 (2).jpeg

— Кыргызстанга келген туристтерди өзгөчө эмнелер кызыктырат?

Кыргызстанга келген чет элдик туристтерди эң оболу кооз тоолор жана жаратылыштын өзгөчө көрүнүштөрү өзүнө тартып турат. Айрыкча, дүйнөдөгү эң терең жана туздуу көлдөрдүн бири болгон Ысык-Көл — кар баскан чокулардын курчоосунда жайгашып, эс алуу үчүн пляждар, суудагы активдүүлүктөр жана экологиялык маршруттар менен таанымал.

Мындан тышкары, Жети-Өгүз, Ала-Арча сыяктуу кол тийбеген капчыгайлар, шаркыратмалар, дарыялар жана бийик тоолуу жолдор — экотуризмди жана жигердүү эс алууну жактыргандар үчүн өзгөчө кызыгуу жаратат.

Ошондой эле табигый шарттардагы эс алуу жана боз үй лагерлери туристтер арасында барган сайын популярдуу болууда. Алар кыргыз элинин көчмөн маданияты, салттуу жашоо образы жана коноктоонун өзгөчө маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.50 (3).jpeg

— Туристтер көбүнчө Кыргызстандын кайсы аймактарына багыт алышууда жана эмне себептен?

Ысык-Көл облусу — туристтерди эң көп тарткан аймак болуп саналат. Бул — атактуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук зоналар, пляждык инфраструктура, Жети-Өгүз жана Чолпон-Атадагы термалдык булактар, өнүккөн жол тармагы жана 1 миң 600дөн ашык туристтик объектилер менен түшүндүрүлөт. Региондун географиялык өзгөчөлүгү Теңир-Тоонун курчоосунда жайгашкан чоң тоо көлү бул аймакта туруктуу туристтик агымды камсыздайт.

Ош жана Жалал-Абад облустары тарыхый жана маданий мурастарга кызыккандар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул аймактарда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо, байыркы Өзгөн шаары жана дүйнөдөгү эң ири жапайы жаңгак токою Арсланбап жайгашкан. Мындан тышкары, жаратылышка багытталган туризм жана этнотуризм да кеңири өнүгүп, боз үй лагеринен турган комплекстер туристтерге улуттук маданият менен таанышууга шарт түзөт.

Чүй облусу - өлкөгө келген туристтер үчүн башкы кирүү дарбазасы болуп саналат. Анткени, бул аймакта "Манас" эл аралык аэропорту жана борбор калаа Бишкек жайгашкан. Чүйдө агротуризм, экскурсиялык программалар жана маданий турлар активдүү өнүгүүдө.

Нарын облусунда жогорку тоолуу экотуризмге болгон кызыгуу артып жатат. Бул аймакта Ысык-Көлдөн кийинки бийиктикте жайгашкан Соң-Көл көлү, байыркы Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле жаратылыш менен айкалышкан эс алуу үчүн боз үй лагерлери туристтер арасында популярдуу болууда.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.51 (2).jpeg

— Туристтик коопсуздук маселеси кантип көзөмөлдөнүп жатат?

Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү администрациялар менен биргеликте төмөнкү иштер аткарылууда:

– туристтик аймактарда туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, эң көп баруучу жайларда патрулдук кызмат иш алып барууда;

– кээ бир аймактар боюнча атайын туристтик патрулдар түзүлгөн;

– туристтерге маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн мобилдик тиркемелер жана QR-код системалары иштеп жатат;

– мындан тышкары, туристтер үчүн күнү-түнү иштеген колл-борбор иштеп жатат.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.51 (5).jpeg

— Жергиликтүү жарандар туризмди өнүктүрүүгө кандай салым кошууда?

Аймактардын жашоочулары туризмди өнүктүрүүдө негизги роль ойношот:

– конок үйлөрүн, боз үй лагерлерин, тамактануучу жайларды жана экскурсиялык кызматтарды өнүктүрүп жатышат;

– маданий иш-чаралар менен фестивалдарды уюштурууга активдүү катышууда;

– жол көрсөтүүчү жана гид катары иштеп, туристтерге багыт көрсөтүшөт;

– улуттук кол өнөрчүлүктү, салт-санааларды жана салттуу ашкананы сактап, жайылтууга салым кошуп келишет.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 19.31.51 (6).jpeg