Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү үчүн Тажикстанда пресс-тур уюштурулууда

Борбор Азия Загрузка... 23 Март 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 20дан ашык өкүлү коңшу Тажикстанга жөнөп кетти. Журналисттер 5 күн бою коңшу өлкөнүн жетишкендиктери, тажик элинин маданияты, ЖМКлардын ишмердүүлүгү жана маданий жайлары менен жакындан таанышат.

Атайын уюштурулган пресс-турга “Кабар” маалымат агенттиги, 7-канал, УТРК, ЭлТР, Kaktus.media, Super.kg, Tazabek, Nomad TV, Region TV`нын кабарчылары катышууда.

Иш сапардын алгачкы күнү кыргыз журналисттери Душанбе шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, майрамдык маанайга ортоктош болушту. Боги Ирам сейил багында тажик элинин улуттук каада-салты, улуттук оюндар жана концерттик программа тартууланды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, анын алкагында Нооруз майрамы кеңири белгиленүүдө.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамы Тажикстанда 15 күн бою майрамдалат.

Бул кызматташуу президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 8–9-июль күндөрү Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашууда. Анда эки өлкөнүн журналисттеринин тажрыйба алмашуусу боюнча пресс-турларды уюштуруу макулдашылган. Аталган келишимге ылайык, буга чейин тажик журналисттери Кыргызстанга келип кетишсе, бул жолу кыргыз журналисттери тажик жергесинде мейман болууда.

Айта кетсек, буга чейин ушундай эле форматтагы пресс-турлар Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда да уюштурулган.