Кыргызстандын ТИМ башчысы Кувейт Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору менен жолукту

Экономика Загрузка... 20 Февраль 2025 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору шейх Сауд Салим Абдулазиз Аль-Сабах менен жолукту. 

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлор менен өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барылып жатканын белгиледи.

Бул жаатта кувейттик тарапка Кыргызстандагы келечектүү секторлорго, анын ичинде “жашыл экономика”, гидроэнергетика, транспорт, туризм жана логистика тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директорун 2025-жылдын жайында Кыргызстанда өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Өз кезегинде, Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору шейх Сауд Салим Аль-Сабах чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аракеттерин жогору баалады. Бул өңүттө алып караганда, ал Кыргызстан сунуштаган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө жана аларды ишке ашырууга активдүү катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция, соода, логистика жана туризм тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашты.