Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Азыр Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн башка тепкичине көтөрүлүү алдында турат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө чакан жана орто бизнестин орду чоң.
“Статистикалык маалыматтарды карап көрсөк, акыркы жылдары чакан жана орто бизнеске 4 категориялык чарбалык субъект кошулууда. Бул чакан ишкерлер, орто ишкерлер, жеке ишкерлер жана дыйкан-фермердик чарбалар. Бул төрт чарбалык категория чакан жана орто бизнестин өзөгүн түзөт. Булардын жалпы саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча чакан бизнесте чарбалык субъектилердин саны 19 миңге, орто бизнесте миңге жетти. Өлкөдө жеке ишкерлердин саны жарым миллиондон ашып, дыйкан чарбалардын саны 600 миңге жакындап калды”,- дейт Жаилов.
Андан тышкары, Кыргызстанда жалпы эмгекке жарамдуу адамдардын 30 пайызы чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө эмгектенээрин Жумабек Жаилов маалымдады.
“Ишкерлердин өндүргөн продукциясы Кыргызстандын жалпы ички дүң продукциясынын 40 пайызын түзөт. Бул өлкөнүн экономикасына өтө чоң салым. Ушуга байланыштуу мамлекет чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө каржылык, салык, материалдык-техникалык базасы жана кадр даярдоо багыттарында колдоо көрсөтүүдө”, - деди ал.
Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы башка мамлекеттерге караганда Кыргызстанда чакан жана орто бизнес саны жана ички дүң өндүрүмгө кошкон салымы боюнча үстөмдүк кылаарын кошумчалады.