Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы акыркы жылдары туруктуу жогорку өсүш темпин көрсөтүп, былтыр өлкөнүн экономикалык өсүшү 11,1 пайызды түздү. Натыйжада Кыргызстан дүйнөдө экономикалык өсүш темпи боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Жумабек Жаилов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүчкө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштардын жана интеграциялык процесстердин өнүгүшү да оң таасирин тийгизүүдө.
“Өлкөдө ИДПнын жылдан жылга өсүшү уюмдун ичиндеги мамлекеттердин бири-бирине тийгизген таасиринен болуп жатат, бул интеграциялык эффект деп аталат. Кыргызстан үчүн оң таасир тийгизгени барыбызга белгилүү болуп жатат”, — деди Жаилов.
Эксперт белгилегендей, ШКУ түзүлгөндөн берки 25 жыл аралыгында уюмда жана ага мүчө мамлекеттерде олуттуу сандык жана сапаттык өзгөрүүлөр болду. Анын пикиринде, XX кылымда Батыш өлкөлөрү экономикалык жана саясий жактан үстөмдүк кылып келсе, ШКУ түзүлгөндөн кийин дүйнөлүк экономикалык системада өзгөрүүлөр башталган.
“20-кылым батыш өлкөлөрүнүн мезгили болду. Батыш өлкөлөрү экономикалык жактан, саясий жактан үстөмдүк кылып келишкен. Ал эми ШКУ түзүлгөндөн баштап, глобалдык дүйнөдө түзүлгөн экономикалык система өзгөрө баштады. Өнүгүү борбору акырындык менен батыштан Чыгыш жана Азия чөлкөмүнө өтүп жатат”, — деди ал.
Жаиловдун айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү Азия чөлкөмүндө жайгашкан. Бул аймакта калкынын саны, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана жаратылыш ресурстары боюнча дүйнөдөгү ири мамлекеттер топтолгон.
“Азыр дүйнөлүк экономикада 10 мамлекет биринчи рейтингде турса, ошонун арасында 3 мамлекет ШКУнун мүчөсү. Алар Кытай, Индия жана Россия”, — деди эксперт.
Ал ошондой эле Кыргызстандын акыркы беш жылдагы экономикалык өнүгүүсү туруктуу жогорку деңгээлде болуп жатканын белгиледи.