Кыргызстандын дзюдочулары Азия чемпионатында коло медаль жеңди

Спорт 1928 20 Апрель 2026 09:46
674046981_1622194385737490_7119666917354502713_n.jpg
672675353_1448013597122723_2043764494079255564_n.jpg
676709886_1508854227488739_3964856163352766309_n.jpg
675869106_787770317499684_7329727079407506436_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Азия чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Ордос шаарында өткөн дзюдо боюнча турнирде командалык мелдештер болду.

Анда Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Белгиленгендей, Азия чемпионаты 16–18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты.

Мелдештин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 комплект медаль ойнотулду.

Аталган турнирде Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргоду.