Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Агродиалог-2026” форумунун экинчи күнү уланууда.
Бүгүн мал чарба тармагы боюнча алдыңкы аталган фермерлер форумдун катышуучуларына өз тажрыйбалары, ийгиликтери менен бөлүшүүдө.
Мында төмөнкү багыттар камтылган:
- сүт жана эт багытындагы мал чарбачылыгы;
- жылкы жана топоз чарбачылыгы;
- кой чарбачылыгы;
- тоок жана балык чарбачылыгы;
- аарычылык жана тоют даярдоо.
Бүгүн аталган багыттар боюнча 20 алдыңкы-фермер өз тажрыйбасын сунушташууда.
Форумдун катышуучуларынын пикиринде, бул тажрыйба натыйжалуу чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болууда.
Белгилей кетсек, форумдун башкы максаты алдыңкы фермердик тажрыйбаларды жайылтуу жана ийгиликтүү чемпион-фермерлердин реалдуу тарыхын көрсөтүү.
Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, фермерлер, кайра иштетүүчү ишканалар, экспорттоочулар, бизнес-ассоциациялар катышууда.