Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын үч ири инфраструктуралык долбоору Евразия экономикалык биримдигинин артыкчылыктуу интеграциялык долбоорлорунун тизмесине киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынында айтылды.
Алардын катарында Луговой – Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү, "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад" темир жолун куруу жана Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоорлору бар.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында Чыгыш – Батыш жана Түндүк – Түштүк багыттарындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселеси талкууланды.