Кыргызстандык жеңил атлетчилер Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын медаль утту

Спорт 2659 05 Март 2025 18:13
481273196_1070130365162817_6143683974214079763_n.jpg
481704547_1070130361829484_1117593741068613588_n.jpg
482317280_1070130341829486_4221693840227401475_n.jpg
Алдыга
Артка
481273196_1070130365162817_6143683974214079763_n.jpg
481704547_1070130361829484_1117593741068613588_n.jpg
482317280_1070130341829486_4221693840227401475_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын кубогу үчүн өткөрүлгөн V эл аралык жеңил атлетика мелдеши өттү.

Мэриядан билдиришкендей, мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100дөн ашык спортчу катышты, алардын арасында Кыргызстандык спортчулар, Бишкектеги С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары да катышкан.

Кыргызстандык спортчулар жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, эки алтын медаль утуп, эл аралык аренада өлкөнү мыкты деңгээлде көрсөттү.

Бишкек шаарындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын натыйжалары:

3000 м чуркоо (эркектер):
Кенешбеков Нурсултан – 1-орун (8:04,91);
Казакбаев Самат – 5-орун (8:43,78).

400 м чуркоо (эркектер, спринт):
Литовский Руслан – 6-орун (49,84).

3000 м чуркоо (аялдар):
Калил кызы Айнуска – 1-орун (9:33,77).