Кыргызстандык спортчу шахмат боюнча Азия чемпионатында коло медаль жеңди

Спорт 15 Апрель 2026 10:05
1776177727.jpeg
1776177782.jpg
1776177733.jpeg
Алдыга
Артка
1776177727.jpeg
1776177782.jpg
1776177733.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. 4–15-апрелде IPCA уюмунун колдоосу астында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы 25 спортчу катышты.

Чемпионатка шахмат боюнча Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Тилеген Рахатбеков жана Баястан Асангазиев эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргошту.

Классикалык шахмат түрү боюнча Тилеген Рахатбеков жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, 3-орунду ээледи.