ТИМ башчысы: БУУдагы жеңиш – Кыргызстан президентинин реформаларынын негизи

Коом Загрузка... 04 Июнь 2026 09:30

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо Кыргызстан 142 добуш алды, бул да болсо эл аралык коомчулуктун биздин мамлекетке болгон ишеними. Мындай пикирин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун кеңсесинде билдирди.

Анын айтымында, бул президент Садыр Жапаровдун жасаган реформаларынын негизи жана өлкөнүн тышкы саясаттагы эң чоң көрүнүшү.

"Биз бул ишти эки жыл мурун баштаганбыз. Азыр акыркы эки айдын ичинде биздин элчилер, дипломаттардан турган чоң команда менен келип, жакшы иш алып бардык. Ар бир регион менен иштедик. Жыйынтыгында биринчи турду 105 добуш менен баштаганбыз, аягында 142 добуш менен утуп алдык. Бул дагы алдыда турган чоң ишеним. Бирок, бул ишенимдин артында чоң жоопкерчилик бар.
Биз көптөгөн мамлекеттер менен азыркы дүйнө өзгөрүп жаткан абалда бардык конфликттер, иш-чаралар боюнча биздин жеке позициябыз болушу керек. Ошондуктан биз бул жоопкерчиликти түшүнөбүз. Бул ишти мындан ары аткарууга аракет кылып, жасайбыз. Негизи Кыргызстанды бардык дүйнөлүк коомчулук таанып, бизди колдоп берди. Бул биз үчүн чоң жетишкендик", - деди Кулубаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүндөгү расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.