Кыргызстандагы туризм: Аймактарда тейлөө сапаты жакшырууда - себеби эмнеде

Туризм Загрузка... 24 Декабрь 2025 13:22
copyright icon Алишер Алымбеков/ Destination Jeti Oguz

"Кабар" агенттиги туроператор Алишер Алымбеков менен маектешти. Ал Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшү, чет тилдердин ролу, тейлөө сапаты жана атаандаштыктын, технологиялардын, эл аралык долбоорлордун таасири астында тармактын кандай өзгөрүп жатканы тууралуу айтып берди.

1

— Алишер, Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө жергиликтүү калктын мамилесин кандай баалайсыз?

— Жергиликтүү калк жылдан жылга туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көбүрөк түшүнүп жатат. Көптөгөн чакан жана орто ишканалар пайда болууда. Кээ бир жергиликтүү тургундар конок үйлөрүн куруу, аттарды ижарага берүү, транспорттук кызмат көрсөтүү сыяктуу туристтик бизнеске насыя алып, акыркы каражаттарына чейин жумшап жатышат.

— Чет элдик туристтер кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

— Кыргызстан туристтик өлкө болгонуна карабастан, тигил же бул чет тилин билгендер азырынча анчалык көп эмес. Ошондуктан көптөгөн чет элдиктер жол көрсөтүүчү жана котормочу катары жергиликтүү туроператорлордун жана компаниялардын жардамына кайрылышат. Бирок, бир кызыктуу жагдай бар: Кыргызстандын эң алыскы чекиттеринде, мисалы, жайлоолордо жайкысын англис тилин жакшы билген жана түшүнгөн мектеп курагындагы балдарды жолуктурууга болот. Бул аларга туристтер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Көптөгөн балдар дароо англисче салам беришет, бул жакынкы чет өлкөлөрдөн келген кээ бир конокторду таң калтырат. Ошондуктан, келечекте бул тилдик тоскоолдук маселеси акырындап жоюлат деп ишенем.

3

— Туризм тармагында тил боюнча тоскоолдуктарды жеңүүгө технологиялар кандай таасир этүүдө? Мисалы, Караколдо кээ бир таксисттер жасалма интеллекттин жардамы менен баарлашууга аракет кылып жатышканын байкадым...

— Ооба, интернет-технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшү тилдик тоскоолдуктардын акырындап жоюлушуна таасирин тийгизүүдө. Сиз белгилегендей, тейлөө тармагындагы көптөгөн адамдар, анын ичинде таксисттер, чындыгында эле онлайн котормочуларды жана атүгүл атайын оффлайн котормо түзүлүштөрүн абдан көп колдонушат.

4

— Бүгүнкү күндө туризм тармагындагы тейлөө деңгээлин кандай баа берет элеңиз?

— Акыркы жылдары тейлөө жагынан, өзгөчө алыскы аймактарда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу тенденциясы байкалууда. Бирок, бардык жерде эле тейлөө деңгээли талапка жооп бере бербейт, ошондуктан ар бир турагенттиктин өзүнүн ишенимдүү өнөктөштөрүнүн тизмеси болот. Бирок, атаандаштыктын болушу жана анын өсүшү сервиске оң таасирин тийгизип жатканын белгилей кетүү керек. Эгер мурун, бир эле боз үй лагери болсо, азыр бири-бирине жакын жерде бир нече лагерь бар. Ушундан улам ар бири сапаттуу кызмат көрсөтүүгө аракет кылышат. Ошондой эле бул жерде сервисти жакшыртуу, жаңылыктарды киргизүү боюнча тренингдерди жана воркшопторду өткөрүп жаткан эл аралык уюмдардын ар кандай долбоорлорун белгилеп кетүү зарыл.

5

— Кыргызстанда туризмди андан ары өнүктүрүү үчүн чет тилдерин билүү канчалык маанилүү?

— Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда да туризмди өнүктүрүү үчүн чет тилдерди билүү өтө зарыл. Биз глобализация доорунда жашап жатабыз, маданияттар менен мамлекеттердин ортосундагы катуу чек аралар барган сайын жоюлуп жатат. Эгерде мындан 10 жыл мурун Кыргызстандагы туристтердин басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн жана Батыштын айрым гана мамлекеттеринен болсо, азыр дүйнөлүк туризм рыногунда Кыргызстандын жагымдуулугу жыл сайын өсүп, биз жөнүндө көбүрөк адамдар билүүдө. Учурда бизде Түштүк-Чыгыш Азия, БАЭ жана Европа өлкөлөрүнөн келген коноктор абдан көп, алардын дээрлик бардыгы англисче сүйлөшөт. Бул дагы бир жолу баарлашуу жана бул тармакты өнүктүрүү үчүн чет тилдерин билүүнүн маанилүүлүгүн тастыктайт.