Кыргызстанда жеке сектор үчүн электрондук эмгек келишими киргизилет

Коом 30 сентябрь 2026 12:02
WhatsApp Image 2026-09-30 at 11.39.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-30 at 11.39.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-30 at 11.39.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-30 at 11.39.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда жеке сектор үчүн "Электрондук эмгек келишими" жана "Электрондук эмгек китепчеси" модулдарын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн брифингде маалым болду.

Кабарлангандай, бул эмгек мамилелерин ачык-айкын кылып, иш берүүчүлөрдүн административдик жүгүн азайтууга багытталган. Эмгек мамилелерин санариптештирүү адам факторун азайтып, процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, Jumush.gov.kg порталын ишке киргизүү министрликтин эмгек рыногундагы процесстерди санариптештирүү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Ошондой эле министрлик мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана менчигинин түрүнө карабастан бардык иш берүүчүлөрдү бош жумуш орундарын порталдарга өз убагында жайгаштырып, маалыматтарды дайыма жаңылап турууга чакырат. Жумуш издеген жарандарга да резюмелерин порталга жайгаштыруу сунушталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg платформаларынын ишке кириши эмгек рыногун санариптештирүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат. Кийинки этапта электрондук эмгек келишими жана эмгек китепчеси сыяктуу жаңы модулдарды киргизүү менен эмгек мамилелерин санарип форматка өткөрүү улантылат.