Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индексинин изилдөө жыйынтыктары сунушталууда.
Маалым болгондой, изилдөө негизинен 9 чөйрөнү камтыган:
- Жарандык катышуу. Жаштардын "жарандык катышуусу" субиндекси 2022-жылы 0,41ден 2025-жылы 0,479га чейин жогорулаган. Бирок, бул көрсөткүч дагы деле төмөн бойдон калууда.
- Экономикалык мүмкүнчүлүктөр. "Экономикалык мүмкүнчүлүктөр" субиндекси 2022-жылдагы 0,48ден 2025-жылы болжол менен 0,536га чейин өстү.
- Билим берүү. Билим берүү субиндексинин мааниси 2025-жылы 0,519га жетип, 2022-жылга караганда (0,47) жогору болгон.
- Маданият. Бул чөйрө боюнча көрсөткүч 2022-жылдагы өтө төмөн 0,15тен 2025-жылы 0,256га чейин өскөн.
- Ден соолук. Ден соолук субиндекси 2025-жылы 0,578 болуп, 2022-жылдагы көрсөткүчтөн (0,51) ашкан.
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар субиндекси 2022-жылдагы 43%дан 2025-жылы 0,52%га чейин өстү.
- Коопсуздук жана корголгондук. "Жаштардын коопсуздук жана корголгондук" индекси 2022-жылдагы 0,63төн 2025-жылы 0,476га чейин бир топ төмөндөдү.
- Үй-бүлө. Бул субиндекси дээрлик ошол деңгээлде калды. 2022-жылы 0,53 болсо, каршылыгында 2025-жылы 0,540.
- Экологиялык бакубаттуулук. Экология субиндекси 2025-жылы 37,7%га түшүп, 2022-жылдагы 45,2%дан 7,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.
Белгилей кетсек, жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси — бул өлкөдөгү жаштардын абалына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген фундаменталдык аналитикалык курал болуп саналат.
Негизинен бул изилдөө билим берүү, саламаттыкты сактоо, иш менен камсыз болуу, жарандык катышуу жана коопсуздук сыяктуу жашоонун маанилүү тармактарын камтыйт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук жана жаштар уюмдарынын лидерлери катышууда.
Эскерте кетсек, изилдөөгө 14 жаштан 35 жашка чейинки 3 миң 410 жаштар катышкан. Мындай изилдөө буга чейин 2017 жана 2022-жылы өткөрүлгөн.