Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда жарандык абалдын актыларын каттоо тармагында ири көлөмдүү санариптик реформа жүрүүдө. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Эрнес Досалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн тиешелүү токтомунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча беш түрдөгү күбөлүктүн жаңы формалары эми “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу санарип форматта жеткиликтүү болот.
“Бул тейлөө процессин жөнөкөйлөтүүгө жана ЖААКтын бардык актыларынын түрлөрүн кагазсыз электрондук түрдө алууга багытталган президенттин, мамлекетибиздин саясаты. Мамлекеттик кызматтарды толук санариптештирүүгө карай маанилүү кадам. Санарип күбөлүк кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ. Жарандар эми кагаз документтерди ташып жүрбөстөн, бардык маалыматты “Түндүктөн” алса болот”, - деди Досалиев.
Белгилей кетсек, туулгандыгы тууралуу, никеге каттоо, никени бузуу, фамилия, ат, атасынын атын өзгөртүү жана өлгөндүгү тууралуу 5 күбөлүк санариптик жана типографиялык корголгон бланк форматында берилет.
Санарип күбөлүк – ЖААК аркылуу автоматтык түрдө түзүлөт жана “Түндүктө” жеткиликтүү. Зарыл болгон учурда жаран аны А4 форматындагы кадимки баракка чыгара алат.
Типографиялык корголгон бланк - өлкө сыртында пайдалануу үчүн. Ар бир бланкта “Учкун” ААК менен биргеликте иштелген коргоо элементтери жана индивидуалдык номери камтылат. Ар бир санарип документтин аныктыгын тастыктоо үчүн ага QR-код орнотулган.
“Кызмат” мамлекеттик ишканасынын өкүлү кошумчалагандай, санарип күбөлүктөрдү киргизүү үнөмдүүлүк жана ачык-айкындуулук сыяктуу бир катар артыкчылыктарды берет.