Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун “Уруксат берүүчү документтер жаатындагы жөнгө салуучу гильотина жөнүндө” атайын жарлыгынын негизинде 905 уруксат кагаздарынын 45%ы дароо кыскартылат. Бул тууралуу Аяз Баетов юстиция министри менен иш күнүнүн алкагында журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, калган 55%дын жарымы оптимизация болуп, мурунку 905 документтин 250 документи эле калат.
“Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде президент Садыр Жапаровдун № 144 “Уруксат берүүчү документтер жаатындагы жөнгө салуучу гильотина жөнүндө” атайын жарлыгы чыкты. Биз аны ишке ашырышыбыз керек. Бул документтин үстүнөн 8 ай иш жүрүп, 905 уруксат кагаздарынын 45%ы дароо президенттин жарлыгынын негизинде кыскартылат. Калган 55%дын жарымы оптимизация болот. Ошондуктан, мурунку 905 документтин 250 документи эле калат. Калганы жок болот же оптимизация болот.
Бул өзгөчө жарлык, өзгөчө кадам. Президент колдоп уруксат кагаздар 905тен 45%ы түздөн-түз кыскартылып жатат. Ошол эле убакытта ушуга келүү үчүн көп жумуш аткарылды. Жарлыкты ишке ашыруу үчүн да өзгөчө министрликтер тарабынан жумуш токтобош керек”,- деди Баетов.
Ал ошондой эле эми жарлыкта болбогон уруксат кагаздарды бизнес өкүлдөрүнөн суроого болбой турганын маалымдады.
“Эми мамлекеттин бизнес чөйрөдөн ушул гана тизмеде болгон уруксат кагаздарды сураганга мүмкүнчүлүгү бар. Ушул документти даярдап, ушул күнгө келгенге чейин президенттин администрациясы, Экономика жана коммерция министрлиги, Стратегиялык демилгелердин улуттук институту жана Дүйнөлүк банк бардыгыбыз биргеликте иштешип келдик”,- деп белгиледи министр.