Кыргызстанда "Улуу Жеңишке - 80 жыл" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды

Загрузка... 28 Апрель 2025 14:13
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 28-апрелинен тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Улуу Жеңишке - 80 жыл" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

Кененирээк маалыматты кийинки шилтемеден окусаңыздар болот.