Кыргызстанда "Улуу Жеңишке - 80 жыл" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды

Экономика Загрузка... 05 Апрель 2025 14:02
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына бүгүндөн тарта «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке - 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

Кененирээк маалыматты бул шилтемеден окусаңыздар болот.