Бишкектеги окуу жайларда уникалдуу аудиториялар ачылды

Коом 15 сентябрь 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 18.06.32.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда транспорт тармагы үчүн адистерди даярдоого багытталган заманбап окуу аянтчалары ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, алар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Бишкек автомобиль-жол колледжинде россиялык жол куруучу “ДСК “Автобан” ААКсынын колдоосу менен түзүлдү.

“КМТУда “Автобан” адистештирилген окуу аудиториясы ачылып, 30 заманбап компьютер менен жабдылды. Долбоордун жалпы наркы 8 млн сомду түздү. Аудиторияда студенттер унаа жолдорун, көпүрөлөрдү жана туннелдерди долбоорлоо жана моделдөө үчүн заманбап санариптик инструменттер менен иштөөнү үйрөнүшөт. Ал эми Бишкек автомобиль-жол колледжинде VR-лабораториясы бар окуу-симуляциялык кабинет ишке кирди. Анда студенттер жол куруучу техникаларды башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрүн коопсуз шартта өркүндөтө алышат.
VR-симуляторлор автогрейдер, экскаватор, бульдозер жана асфальт төшөгүч менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Кабинет 50 окуу орунуна эсептелип, интерактивдүү панель, видеоконференция системасы, компьютерлер жана окутуучунун атайын иш орду менен жабдылган”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы окуу аянтчалары билим берүү уюмдары менен “ДСК “Автобан” ААКсынын кызматташтыгынын алкагында түзүлдү. Өнөктөштүк студенттердин жана окутуучулардын стажировкаларын уюштурууну, тармактык адистерди окуу процессине тартууну, дуалдык окутууну өнүктүрүүнү жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну камтыйт.