Кыргызстанда күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктүн баалары чектелет

Экономика Загрузка... 01 Август 2025 13:05
1041174316_0_386_6016_3770_1920x0_80_0_0_9857c507e35ce3749d68406f7e467f28.jpg

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Кыргызстанда күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктүн баалары чектелет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев министрлер кабинети мурда бекитилген социалдык маанилүү азык-түлүктүн он алты түрүнө карата баа саясатын аныктаган мыйзамга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуштай турганын "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, нан, кум шекер, күрүч, ун жана ун азыктары, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары сыяктуу күндөлүк колдонуудагы эң зарыл социалдык азык-түлүктүн он алты түрүнүн бааларын толук көзөмөлдөө боюнча мыйзамдык чаралар киргизилет.