Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Учурда жер-жерлерде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.