Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда туризмден тышкары, акыркы кезде экотуризм багыты активдүү өнүгүп жатат.
Экотуризм жаратылыш чөйрөсүн сактоого багытталган жана жаратылыш менен тыгыз байланышууга кызыкдар туристтерди өзүнө тартып, бийик тоолуу көлдөргө, тоо өрөөндөрүнө жана шаркыратмаларга барууну камтыйт.
Кыргызстанда экотуризм көп учурда альпинизм, треккинг, экологиялык маршруттар жана этно-туризм менен айкалышып келет.

"Кабар" агенттигине Туризм департаментинин башчысынын орун басары Эрденет Касымов маалымдагандай, бүгүнкү күндө республикада Туризмди 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда.
Бул программа атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана популярдуу туристтик секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Программанын тогуз артыкчылыктуу багыттарынын бири – бул керектөө рыногун түзүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, уникалдуу туристтик продуктуларды жана багыттарды илгерилетүү, туристтердин ыңгайлуулугу үчүн технологияларды киргизүү жана коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. Бул чаралардын бардыгы аймактын керектөөчүлөр үчүн жагымдуулугун арттырып, экономикалык өсүшкө көмөктөшөт.
Акыркы жылдары Кыргызстанга келген чет элдик туристтер экологиялык туризмге артыкчылык беришүүдө.

Окуялар:
2025-жылдын 19-июлунан 27-июлуна чейин Кыргызстанда Gallops эл аралык иш-чарасы өттү.
Gallops — бул эл аралык атчандар экспедициясы. Бул багыт табуу жана чыдамкайлык боюнча командалык мелдеш болуп саналат, анда катышуучулар беш күндүн ичинде ат минип 200 чакырымга жакын аралыкты басып өтүшөт. Долбоорго 15тен ашык өлкөдөн 60 чабандес катышууда. Gallops Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү жана маанилүү туристтик иш-чара болуп эсептелет.

Бул иш-чара Кыргызстанды укмуштуу окуялуу жана экологиялык туризм үчүн жагымдуу багыт катары көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн эл аралык туристтик аренадагы позициясын бекемдеди.
Долбоордун алкагында "Париж-Дакар" стилиндеги командалык ат чабыш, маданий программалар өттү жана иш-чара эл аралык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Бул окуя дүйнө жүзүндөгү туристтердин өлкөбүздүн жаратылышына жана маданий мурасына көңүл буруусуна өбөлгө түздү.
Ал эми август айында Кыргызстанда дүйнөдөгү эң уникалдуу жана татаал велосипед иш-чараларынын бири — Silk Road Mountain Race 2025 өттү.

Silk Road Mountain Race 2025 — эл аралык велоспорт, экотуризм жана маданий алмашуу боюнча жыл сайын өтүүчү иш-чара. 41 өлкөдөн 250дөн ашык катышуучу Кыргызстанга 2000 километрге жакын жолду басып өтүп, 28 миң метр бийиктикти багындырып, өздөрүн сынап, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун табуу үчүн чогулушту.

Silk Road Mountain Race - веложарышы шаарларды, ашууларды, платолорду, көлдөрдү жана айылдарды бириктирип, катышуучулардын жергиликтүү жамааттарга болгон кызыгуусун арттырды, жаштарды шыктандырды, ички туризмди колдоп, Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдүн жана укмуштуу окуялардын өлкөсү экенин көрсөттү.
Кыргызстандын тоолорунда жөө жүргөн туристтерди оңой эле кезиктирүүгө болот. Жылгалардын көбүндө ичине чейин кирүүгө мүмкүн болгон чыйыр жолдор бар, ошондуктан алар хайкингге (жөнөкөй жөө сейилдөөгө) абдан ылайыктуу.
Дээрлик бардык жылгаларда чабандар бар, ошондуктан өлкөнүн эң алыскы бурчтарында да, тоолордо жол көрсөтүп же кандайдыр бир жардам бере ала турган адамдар табылат. Ошондой эле бул жерлер треккингге — жүктү көтөрүп туристтик маршрут боюнча жүрүүгө да ылайыктуу.

Кыргызстандын бардык аймактары экотуризм үчүн потенциалга ээ. Бул таң калыштуу эмес, анткени өлкөнүн 80 пайыздан ашыгын тоолор түзөт, жана ар бир Тянь-Шань капчыгайы өзүнчө көрүнүктүү жана кооз. Кыргызстандын тоолору туристтер үчүн укмуштуудай таасирлердин бүтүндөй жаңы дүйнөсүн ача алат.
Кыргызстандагы экотуризмде барган сайын популярдуу болуп жаткан иш-аракеттердин түрлөрү:
- жөө жүрүштөр (хайкинг, треккинг) экологиялык жолдор боюнча;
- жаратылыш ландшафттары боюнча велосипед турлары;
- жаратылыш аймактарында ат менен сейилдөө;
- коруктардагы волонтёрдук программаларга катышуу;
- чарба жүргүзүүнүн салттуу ыкмаларын үйрөнүү, мисалы, фермердик практикаларга катышуу.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер арасында популярдуу маршруттар болуп төмөнкү багыттар эсептелет:
- "Ала-Арча" улуттук паркы (Чүй облусу);
- Кегети капчыгайы, Көл-Төр, Көл-Көгүр көлдөрү (Чүй облусу);
- Соң-Көл көлү (Нарын облусу);
- Көл-Суу көлү (Нарын облусу);
- Ак-Сай каньону (Ысык-Көлдүн түштүк жээги);
- Жети-Өгүз капчыгайы, Көк-Жайык (Ысык-Көл облусу);
- Каракол шаары, Ала-Көл көлү, Алтын-Арашан капчыгайы (Ысык-Көл облусу);
- Сары-Челек көлү, Арстанбап (Жалал-Абад облусу);
- Тулпар-Көл, Мурдаш, Кежиге, Ленин чокусунун базалык лагери (Ош облусу);
- Каравшин, Мадыген (Баткен облусу);
- Беш-Таш көлү, Үр-Марал капчыгайы (Талас облусу).

Статистика
Туристтердин агымы жыл сайын өсүүдө: 2024-жылы Кыргызстанга 8,6 миллионго жакын адам келсе, 2025-жылдын жарым жылында эле 5 миллионго жакын турист келген.
Туристтердин 95 пайыздан ашыгы коңшу өлкөлөрдөн – Борбор Азия жана Россиядан, ошондой эле Кытай, Индия, Түркия жана Европадан келгендер.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында туризмдин ИДПдагы үлүшү 4,3 пайызга жетти. Туризм департаменти 2030-жылга карата бул көрсөткүчтү 7 пайызга жеткирүүнү жана жыл сайын туристтердин агымын 10 пайызга көбөйтүүнү көздөп жатат.
Туризмди жыл бою иштеген (жайкы гана эмес) тармакка айлантуу, инфраструктураны, тейлөөнү жакшыртуу, экологиялык, маданий жана тоо туризмин өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.