Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жогорку технологиялык медицинаны киргизүүнүн алкагында 2025–2026-жылдары бөйрөк трансплантациясы боюнча 51 операция жасалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо да акыркы жылдары кыйла көбөйдү. Тактап айтканда, 2021-жылы бул тармакка 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы каржылоонун көлөмү 73,1 млрд сомго жетип, дээрлик үч эсеге өскөн.
“Жогорку технологиялык медицинаны жигердүү киргизип жатабыз. 2025–2026-жылдары бөйрөк трансплантациясы боюнча 51 операция жасалды. Мындан тышкары, 460 млн сомдук гамма-бычак радиохирургиялык системасы алынып келди. Ошондой эле хирургиялык робот сатып алуу иштери жүрүп жатат”, — деди Касымалиев.
Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоого каражаттар бөлүнүп, пренаталдык скринингди ишке ашыруу максатында “Үмүт” улуттук программасы бекитилген.
Саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу багытында 2025-жылы 1 млрд 449 млн сомго 10 объект курулган. Ал эми 2026-жылы 6 объекттин курулушу аяктаган. Учурда онкологиялык ооруга чалдыккан балдар үчүн пансионат курулуп жатканы маалымдалды.
Ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 10 кызматтык автоунаа, 113 тез жардам унаасы жана медициналык калдыктарды ташууга арналган 10 унаа сатып алынганы айтылды.
Дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Бишкекте мамлекеттик фармацевтикалык логистикалык комплекстин курулушуна 650 млн сом бөлүнүп, сентябрь айында курулуш иштери башталган. Мындан тышкары, “Кыргызфармация” ишканасы үчүн 60 млн сомго 12 жүк ташуучу унаа сатылып алынганы кошумчаланды.