Кыргызстанда дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат

Экономика 13 июнь 2025 09:05
Кыргызстанда дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда айыл чарба тармагына салыктык жеңилдиктер берилген.

Эске салсак, буга чейин жер салыгы 3 жылга бошотулган болсо, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык ал мөөнөт дагы беш жылга улантылат.