"Дордой" базарындагы салыктык башкаруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт. Кантип жүзөгө ашырылат?

Экономика Загрузка... 14 Февраль 2025 12:45
1410539_jNoDXzi.1.1508071020.2e16d0ba.fill-800x500.jpg

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Дордой "соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык башкаруу жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик салык кызматынан пилоттук долбоор кандай өтөрүн түшүндүрүп беришти.

2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин базарлардын администрациялары убактылуу салык агенттери болуп, Дордойдун аймагында иштеген ишкерлердин салык төлөөсүн көзөмөлдөшөт.

Долбоор салык салуу системасын жөнөкөйлөтүүгө жана анын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Салык кызматынын кызматкерлери мындан ары "Дордой" базарында көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөй, салык төлөөчүлөрдүн ишин онлайн режиминде мониторинг жүргүзүүгө жана талдоого басым жасашат. Бул мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берет, ошондой эле коррупциялык схемалардын жана башка мыйзам бузуулардын ыктымалдыгын азайтат.

Эгерде "Дордойдо" пилоттук долбоор оң натыйжаларды көрсөтсө, анда мындан ары бул система өлкө боюнча башка базарларга жана кичи базарларга жайылтылат.

2025-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейин жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсеби киргизилет.

Бирдиктүү салык эсеби салык төлөөнүн жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөтөт. Салык төлөөчүлөргө ар кандай эсептерге салык төлөөнүн кереги жок болот. Бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр үчүн бир гана эсепти колдонсо болот. Ал эсептөөлөрдү автоматташтырууга багытталат. Салык органдары келип түшкөн каражаттарды салыктардын түрлөрү боюнча автоматтык түрдө өздөрү бөлүштүрөт.

Эмне иштер жасалат?

– Бир айдын ичинде министрлер кабинети базарлардын администрацияларынын салыктарды эсепке алуу жана контролдоо тартибин иштеп чыгып, долбоорго катышкан базарлардын тизмесин бекитиши керек.

– 2025-жылдын 1-октябрына чейин базарлардын администрацияларына салык агентинин функцияларын бекитүү жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет.

– Салык кызматы пилоттук долбоорду уюштуруу жана ишке ашыруу менен алектенет.

– Салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү үчүн Салык кызматынын сервистери жана банктар менен интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Бул долбоор салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет.