Кыргызстанда агротармакка 3,3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 08 Июль 2025 10:50
1737348789.948283654.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Өлкөдө жыл башынан бери "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында агроөнөр жай комплексинин 1251 субъектисине жеңилдетилген насыя берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыя "Айыл Банк" жана "Банк" ААК аркылуу берилип, жалпы суммасы 3,3 млрд сомду түздү.

Анын ичинде:

  • "Айыл Банк" ААК 1,65 млрд сомго 676 кредит;
  • "Элдик Банк" ААК 1,67 млрд сомго 575 кредит берди.

Долбоор айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын жеткиликтүү каржылоо аркылуу өнүктүрүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарын камтыган 18 кластер ийгиликтүү иштөөдө.

Кредиттик программалар жана насыя алуу шарттары жөнүндө толук маалымат алуу үчүн жарандар "Айыл Банк" жана “Элдик Банк” ААКтардын райондук филиалдарына кайрылса болот, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин адистери менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 62-37-19, 62-27-40.