Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери толугу менен аяктап, 2 млн 386 миң тонна дан жыйналды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, дан эгиндери 617,7 миң гектар аянттан толук жыйналды. Анын ичинен:
- 742,5 миң тонна буудай;
- 644,6 миң тонна арпа;
- 896 миң тонна жүгөрү;
- 81,9 миң тонна чанактуу өсүмдүктөр алынды.
Ошондой эле өлкө боюнча 1 млн 80,5 миң тонна картошка, 967,1 миң тонна жашылча жана 245,3 миң тонна бахча өсүмдүктөрү жыйналды.
"Ал эми кант кызылчасынын түшүмү 504 миң тоннаны түздү. Мындан тышкары, 19,2 миң тонна пахта, 17,3 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 950 тонна тамеки жыйналды", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда күздүк себүү иштери уланууда. Пландагы 200 миң гектардын 75,45 миң гектарына же 37,7%ына эгин себилди. Анын 71,8 миң гектарын күздүк буудай, 2,9 миң гектарын күздүк арпа түзөт.