Бишкекте эл аралык транспорттук форум өтүүдө

Коом Загрузка... 23 Апрель 2026 09:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Бишкекте “Кыргызстан– аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” аталышындагы эл аралык транспорттук форум өтүүдө.

Форумга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) транспорт министрлери, ошондой эле чет мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар, илимий мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын негизги максаты – катышуучу өлкөлөр ортосундагы транспорттук кызматташууну өнүктүрүү, мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди координациялоо.

Иш-чаранын күн тартибине ылайык, аймактагы эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлордун ролу ошондой эле транспорттук ташууларды өнүктүрүүдөгү мааниси талкууланууда.

Мында негизги төмөнкү маселелер каралууда:

  • Транспорт тармагындагы ташуу процесстерин санариптештирүү, анын ичинде жол жүрүү убактысын кыскартуу, чечим кабыл алуу процесстерин жакшыртуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
  • Транспорттук коридорлордун боюндагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара байланыштуулукту камсыз кылуу жана инфраструктураны өнүктүрүү;

  • Транспорттук коридорлор аркылуу чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

  • Транспорт тармагындагы проблемалуу маселелер жана аларды чечүү жолдору.

Белгилей кетсек, форумдун алкагындагы жыйындарга аталган уюмдарга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери жана башкы катчылары катышат.