Кыргызстан Тажикстан менен соода жүгүртүүнү $500 млн жеткирүүнү көздөйт

Экономика 11 июль 2025 12:25
518262019_18060729821343965_7817672493155006107_n (1).jpg
517036462_18060729845343965_7629120974739563975_n.jpg
517165515_18060729863343965_2775228174277185110_n.jpg
517374884_18060729836343965_2582946548366155875_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Тажикстандын экономика министри Завкизода Завки Амин менен жолугушууда айтты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар сооданы көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана логистикалык зоналарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн 500 млн долларга чейин жеткирүү максатын айтып, Өкмөттөр аралык кеңештин соода, билим жана маданияттагы ролун баса белгиледи.

Соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөө ниетин ырасташты.