Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстан санарип сом долбоорун ишке ашыруу, виртуалдык активдерди жөнгө салуу жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасын Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен бөлүштү.
Улуттук банктан билдиришкендей, бул маселелер 29-октябрда Беларустун Несвиж шаарында өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин отурумунда талкууланды.
Жыйынга Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев баштаган кыргыз делегациясы катышып, өлкөдөгү экономикалык абал жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Кыргызстандын өкүлдөрү уруксатсыз төлөм операцияларына каршы күрөшүү тажрыйбасын тааныштырып, санариптик финансылык технологиялар боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышты.
Жыйынтыгында тараптар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну улантууну макулдашты.