Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы кызматына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырды.
78 депутат “макул” деп добуш берди.
Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети карап, колдоп берген.
Эске салсак, Алмаз Бакетаев буга чейин финансы министри кызматын аркалап келген.
Буга чейин Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы парламентте каралып, колдоого ээ болгон.