Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Соттон билдиришкендей, жолугушуу бүгүн Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясынын Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында орун алды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, сот тутумдарын санариптик трансформациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө сот тутумун санариптик трансформациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Өзбекстандын электрондук сот өндүрүшү жаатындагы практикалык тажрыйбасын, анын ичинде соттордун бирдиктүү маалыматтык тутумунун иштешин, электрондук документ жүгүртүүнү, сот иштерин автоматташтырылган түрдө бөлүштүрүүнү, жарандар жана процесстин катышуучулары үчүн электрондук сервистерди, сот отурумдарына аралыктан катышууну, ошондой эле соттордун маалыматтык тутумдарын мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен интеграциялоону үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан тышкары, кыргыз тарап өзүнүн сот тутумун санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасын өзбек кесиптештери менен бөлүшүүгө даяр экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу соттук кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана сот адилеттигин санариптик трансформациялоо багытындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.